БУУ КЕМЕСИ
БУУ КЕМЕСИ , п а р о х о д – буу кыймылдаткычы (буу машинасы же бара) м-н кыймылга келип, өзү жүрүүчү кеме; баралуу Б. к. б а р а ж ү р г ү ч т ө р (турбоход) деп да аталат. Ал буу машинасы ойлоп табылгандан кийин курулган, бирок 19-к-дын башында гана колдонула баштаган. Алгачкы «Клермонт» Б. к-н Түн. Америкада 1807-ж. Р. Фултон курган. Россияда алгачкы «Елизавета» Б. к-си 1815-ж. Петербург м-н Кронштадттын ортосунда каттаган. Азыркы өзү жүрүүчү кеменин негизги түрү – т е п л о х о д, ал негизинен ичинен күймө кыймылдаткыч м-н жүрөт.