БУФЕРДИК ЗОНА
БУФЕРДИК ЗО́НА , к о р г о л у у ч у з о н а – корукту тегерете чектеп турган зона (тилке). Анын чегинде табигый режимди бузууга багытталган бардык иш-аракеттерге тыюу салынат. Б. з-да бардык чарбалык иш-чаралар коруктун администрациясы м-н макулдашылат. Б. з-ны түзүү маселеси корук уюшулганда кошо же зарыл учурда чечилет.