БУХАРЕСТ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1812)
БУХАРЕ́СТ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1812) Россия-Түркия согушунун аякташы м-н 1812-ж. 16 (28)-майда Бухарестте түзүлгөн. Түркиянын өкүлү кечеӊдеткенге аракет кылса да, орус армиясынын башкы командачысы М. И. Кутузов сүйлөшүүлөрдү Наполеон I Россияга кол салганга бир ай калганда бүтүрүүгө жетишкен. Натыйжада Россиянын түш. чек арасы коопсуз болуп, Дунайдагы армияны батыш чек араны бекемдөө үчүн пайдаланууга мүмкүндүк түзүлгөн, Түркия Францияга союздаш болбой калган. Келишим б-ча Россия м-н Түркиянын чек арасы Прут д. (мурда Днестр эле) м-н чектелип, Бессарабия Россияга өткөн. Россия Кара деӊиздин Кавказ жээгинен 1-жолу деӊиз базасына ээ болгон.