БУХГАЛТЕРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХГАЛТЕ́РИЯ (нем. вuchhalter – бухгалтер, Вuch – китеп ж-а halten – кармоо) – 1) эсеп-кысап жүргүзүү; 2) ишкананын, уюмдун ж-а мекеменин бухгалтериялык эсеп жүргүзүүчү бөлүмү. Б. ишкананын өндүрүш каражаттарын сарптоону, кредитти, ишкананын сырьё, материал, техника м-н жабдылышын, эмгек чыгымын, даяр продукция сатуудан түшкөн каражатты, аласа-бересени ж. б-ды эсептейт, ишкананын бухгалтериялык балансын, бухгалтериялык отчёттуулукту түзөт. Ар бир ишкананын Б-сы болот, ал эми цехтеринде‚ бөлүмдөрүндө бух. эсептөө топтору иштейт. Өндүрүш планынын аткарылышына баа берүү ж-а өндүрүш резервин табуу, каражаттын туура пайдаланылышын, мекеме‚ ишкананын менчигинин түгөлдүгүн, финансы ж-а смета тартибинин сакталышын камсыз кылуу Б-нын негизги милдетине кирет.