ВАГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЃОН (англ. wagon – араба) – темир жол аркылуу жүк ж-а жүргүнчү ташуучу транспорт каражаты. Алгачкы В. жыгач рельс м-н жүрүп, ат м-н сүйрөтүлгөн же болбосо жумушчулар түрткөн. Жүк ташуучу В. биринчи жолу Анг-

Жүргүнчү ташуучу вагон. лияда 1786-ж. пайда болуп, темир жол м-н жүргөн. В. арналышы б-ча жүргүнчү ж-а жүк ташуучу, жалпы тармактык ж-а өнөр жай транспорту үчүн, кеӊ ж-а кууш жолдуу (колеялуу) болот. В. чиркелет же өзү жүрөт (моторлуу электр поезди, трамвай, метрополитен, дизельпоезддери ж. б.). Жалпы арналыштагы ж ү р г ү н ч ү т а ш у у ч у (бөлмөлүү же бөлмөсүз, почта, чакан жүктөрдү ташуучу, вагон-ресторандар ж. б.) ж-а атайын В-дор (санит., лабор., клубдар ж. у. с.) болуп бөлүнөт. Ж ү к т а ш у у ч у (товардык) В-дор универсалдуу (жабык, платформа, цистерна ж. б.) ж-а атайын

Жүк ташуучу вагон. (гондола, транспортёр, чоюн ташуучу ж. б.) болот. Азыркы учурда темир жол м-н жүрүүчү В-дордун 200дөн ашык түрү бар.