БҮЛБҮЛДӨӨ РАЗРЯДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮЛБҮЛДӨӨ РАЗРЯДЫ – электроддо потенциалдык айырмасы чоӊ ж-а андагы ток тыгыздыгы аз учурдагы өзү күйүүчү газ разрядынын бири. Анын күйүү чыӊалуусу негизинен электроддордун арасындагы аралыктын басымга болгон көбөйтүндүсү м-н катоддогу ток тыгыздыгына көз каранды. Токтун 10–4–10–1 А диапазонунда катоддогу токтун күйүү чыӊалуусу ж-а тыгыздыгы туруктуу калат, катоддук кесилиштин аянты акырындык м-н чоӊоюп, катодду бүт ээлейт. Ток 10–1–1 А болгондо Б. р. аномалдуу мүнөзгө ээ болуп, катоддогу ток тыгыздыгы м-н күйүү чыӊалуусу кескин чоӊоёт. Токтун андан аркы чоӊоюшу м-н аноддук жарыктаныш секирик түрүндө кичине жаркырак жакка тартылат, күйүү чыӊалуусу кескин төмөндөйт. Б. р-на тиешелүү болгон мамычалуу түзүлүш жоголуп, жаалык разрядга өтөт. Анын өзгөчө формасы – көӊдөйлүү катод разряды. Ал кадимки Б. р-нан өтө чоӊ ток тыгыздыгы ж-а жаркырактыгы м-н айырмаланат. Анын приборлору релелик ж-а автоматтык түзүлүштө, жарык булагы катары эсептөө техникасында ж. б. пайдаланылат.