ВАГРАНКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАГРА́НКА – куюу өндүрүшүндө чоюнду эритүүгө арналган шахта меши. 18-к-дын экинчи жарымына чейин чоюнду эритүү кендин өзүндөгү домна мешинде, кийинчерээк чакан домна мешинде жүргүзүлгөн. 1774-ж. орус өндүрүшчүсү А. Р. Баташев азыркы колдонулуп жаткан мештердин алгачкы түрүн Гусев з-дунда жасаган. Биринчи В-нын формасы 8 кырдуу болуп, кийинчерээк цилиндр түрүнө өткөн. В. эриген чоюн жыйналуучу төмөнкү очоктон, шихта материалдары жайгашкан ортонку бөлүктөн, учкун өчүрүүчү жогорку камерадан турат. В-нын өндүрүмдүүлүгү саатына 30 тга чейин.