БҮРКӨНЧӨК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРКӨНЧӨК , б ү р к ө н – үйлөнүү тоюндагы кыздын кийиминин бир бөлүгү. Колуктусу күйөөсүнүн айылына 1-жолу бара жатканда жүзүн баш кийимине төөнөлгөн ак чүпүрөк м-н жаап алган, аны Б. деп аташкан. Б. келин боз үйгө кирерде бала же өспүрүм тарабынан алынган. Б-түн ак түстөгү кездемеден болушу, анын ниетинин актыгын, пейилинин тазалыгын билдирген.