БХОПАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БХОПА́Л – Индиянын борб. бөлүгүндөгү шаар, Мадхья-Прадеш штатынын адм. борбору. Калкы 1,7 млн (2011). Жасалма эки көлмөнүн жээгинде жайгашкан. Темир жол тоому (Дели, Мумбаш, Нагпур ш. м-н байланышкан). Аэропорту бар. Шаар ж-дөгү алгачкы маалымат 11-к-га таандык. Мечиттер, ун-т, коллеждер (инж., токой чарба, медицина ж. б.), музейлер (археол., улуттук), оор энергетика жабдуулар з-ду, хим., кебез-кездеме, тамак-аш, металл иштетүү өнөр жай ишканалары, кол м-н кездеме токуу өндүрүшү иштейт. Зер буюмдар жасалат.