БЫЛИНАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЛИНАЛАР – орус элинин эпостук ыр-дастандары. Орус фольклорунун башка жанрларына караганда Б. негизинен 11–16-к-да жашаган тарыхый адамдар м-н окуяларды чагылдырган. Орус фольклористтери мазмуну жагынан баатырдык Б. ж-а тарыхый-турмуштук Б. деп эки топко бөлүшөт. Б-да сюжеттин негизинде реалдуу турмуш сүрөттөлөт, о. эле тарыхый чындык, ар кандай эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон фантастика, ойдон чыгаруу м-н коштолуп турат. Ошондуктан орус Б-ы ж-дө эки түрдүү көз караш бар: 1. Сюжеттик мазмунуна көп катмарлуу тарыхый окуяларды, ар түрдүү тарыхый мезгилди сиӊирип, камтып сүрөттөйт (В. Я. Пропп). 2. Конкреттүү тарыхый окуяны, конкреттүү адамдардын тагдырын чагылдырат (Б. А. Рыбаков). Бул көз караштар Б-дын реалдуу ж-а тарыхый негиздерин жокко чыгарбастан, бири-бирин толуктайт ж-а тереӊдетет. Б. Киев ж-а Новгород Б-ы деген эки топко бөлүнөт. Киев циклине баатырлардын моӊгол-татарлар м-н болгон согушун көрсөткөн баатырдык ырлары топтолгон (мис., Илья Муромец, Добрыня Никитич, Алёша Попович ж. б.). Новгород циклине новеллалык, каада-салт, махабат ырлары кирет (мис., «Василий Буслаев», «Садко» ж. б.). Б-ды изилдөөнү В. Г. Белинский баштаган. Н. И. Добролюбов ж. б. улантышкан. М. Горький Б-ды жогору баалаган.