БЫШЫКТЫК ЧЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫШЫКТЫК ЧЕГИ , б е к е м д и к ч е г и – материалдын мех. мүнөздөмөсү. Анын төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) убактылуу каршылык көрсөтүү – үлгүнүн талкалануу алдында эӊ чоӊ күчкө туруштук берүүчү шарттуу чыӊалуусу (аракет этүүчү күч үлгүнүн алгачкы туурасынан кесилиш аянтына болгон катышы м-н аныкталат). 2) Б. ч. талкалануу аймагында үлгүнүн туурасынан кесилиш аянты өзгөрбөй убактылуу каршылык көрсөтүүсү, мис., чоюлууга дуушар болгон үлгүнүн ичкербей (жерг. ичкерүү) туруп үзүлүшү. Б. ч. бир аз өлчөмдөгү пластикалуу деформация (майышма өзгөрүү) кезинде талкалана турган материалдын негизги мүнөздөмөсү болуп эсептелет.