ВАКУОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар ж-а өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал эндоплазма торчосунун негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана м-н капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) ж-а айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич В. болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич В. өзгөчө клетка – фагоциттерде жайгашат. Башка клеткалардын В-унда туз, фермент ж-а зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч В. негизинен осмос басымын жөнгө салуу ж-а бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк В-уна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар ж-а кээде белоктор клеткада осмосту ж-а тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу ж-а хемотроптуу бактерияларда газ В. болот. Өтө жаш клеткада В. болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт ж-а клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири В-ду түзөт. В. клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат.