«БОЛОТ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БОЛОТ» – элдик дастан. Дастандын негизги каармандары – Болот м-н Нурайым. Буларды коштогон тагдырлаш, максатташ достору – Калдар, Нурила, Бекчеке, Акседеп. Ушул үч тагдыр, үч махабат, үч баатыр, үч сулуу туурасында сөз болот. Жубайлар баш кошконго чейинки тоскоолдуктар, алардын көргөн азап-тозоктору «баатырдык үйлөнүү» салтынын алкагында кызыктуу баяндар аркылуу айтылат. Адаттагыдай эле залим, ач көз хандар Обулбай, Дөөлөтбек, балбан-баатыр Бөкчө сулуу кыздарды тартып алуу аракеттерин жасашат. Окуянын аягы жомоктук ыкма м-н бүтөт, б. а. ашык жарлар тилеген тилегине, максаттарына жетет. Чыгарма элдин турмушун, ашыктык сезим мамилелерин, этногр. материалдарды ж-а коомдук-социалдык абалдын өткөндөгү тарыхын чагылдырат.