БООМ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БООМ КАПЧЫГАЙЫ – Күнгөй Ала-Тоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай; Күнгөй Ала-Тоонун батыш учун, Терек-Жону тоосунун чыгыш учун ж-а бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Уз. 25 км, таманынын жазылыгы 150–350 м. Капталдарынын салыштырмалуу бийикт. 500–800 мге чейин. Генезистик тиби б-ча антецеденттик өткөөл капчыгай. Плейстоценде Ысык-Көлдүн деӊгээли жогору кезинде, анын түн.-батыш жээги Б. к-на жетип турган. Көлдөн агып чыккан суу Күнгөй Ала-Тоонун бир тармагы – Кара-Жылганын жапыз кайкысын ашып азыркы Коӊорчок (Чүйдүн сол куймасы) суусуна куйган. Ал мезгилде Коӊорчок Чоӊ Кеминге сол тараптан куюп, Боомдун көп бөлүгүн (Коӊорчоктун чатынан Чоӊ Кемин суусуна чейин) Коӊорчоктун өрөөнү түзгөн. Ал эми Боомдун түш., өтө кууш бөлүгү (Коӊорчоктун чатынан түш. тарабы) – Кара-Жылга тоосун Ысык-Көлдүн суусу жеп отуруп пайда кылган капчыгай (мындан 8–12 миӊ жыл илгери). Капчыгайдын Коӊорчоктун чатынан Чүй өрөөнүнө чыга беришке чейинки бөлүгү мурда, Коӊорчоктун чатынан Кара-Жылга коктусуна чейинкиси (Боомдун Ысык-Көл жаккы четинде) кийин пайда болгон. Б. к-на протерозой ж-а палеозойдун кристаллдуу тектери (гранит, сланец, гранит-диорит, порфирит ж. б.), байыркы өрөөндүн аймагына (борб. бөлүгүндө) палеоген м-н неогендин кызыл, боз чөкмө тектери мүнөздүү. Б. к. морфол. жактан: төмөнкү, борбору ж-а жогорку болуп, 3 бөлүктөн турат. Төмөнкү бөлүгү (Боомдун түн. бөлүгү) Чүй д-нын Терек-Жону тоосунун чыгыш учун кесип өткөн жерине туура келет. Бул бөлүгү кууш (таманынын эни 150–200 м), капталдары тик (50–60°ка чейин) ж-а бийик (500–600 м). Тоо капталдарында гравитациялык процесстер, Чүй д-нын нугунда тереӊ кеткен эрозия өөрчүгөн. Борб. бөлүгү (Кызыл-Көпүрө м-н Кыз-Күйөө айылынын аралыгы) – Боомдун кенен жери (250–300 мге чейин). Капчыгайдын оӊ капталы тик (45–50°ка чейин) ж-а бийик (1 кмге чейин), сол капталы – Күнгөй Ала-Тоо м-н Терек-Жону тоосунун аралыгында жаткан палеоген-неоген чөкмөлөрүнөн турган бийик (300–400 м) адырлардан (айрым жерлеринде «чаптардан») турат. Түштүк бөлүгү (Кызыл-Көпүрөдөн Кара-Жылга коктусуна чейин) Чүй д. Күнгөй Ала-Тоонун батыш четин кесип өткөн жерге туура келет. Боомдон Ысык-Көл тарапка Улан шамалы согот; анын ылдамдыгы жаз, күз мезгилдеринде 20–30 м/сек жетет. Капчыгай аркылуу Чүй д. (куймалары: Коӊорчок, Суулу-Терек, Кургак-Терек, Ыӊырчак, Кара-Суу ж. б.) агып өтөт. Негизинен таштак чополуу чөл, жарым чөл ж-а аскалуу каксоо талаа ландшафттары мүнөздүү. Капчыгай аркылуу Бишкек – Балыкчы темир жолу ж-а Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Б. к. тарыхта эзелтен бери белгилүү. Кылымдар бою элдердин карым-катнашы үчүн, ал түгүл эл аралык транзиттик жол катары да пайдаланылган. 19-к-дын орто ченинде Б. к-нда 3 «кой» жолу болгон. «Кой» жолдордун бири 1868–71-ж. капчыгайда курулган араба жолго негиз болгон. Боомдун аймагын жерг. эл илгертен бери эле мекендеп, пайдаланып келген. Аны айтылган жолдордон тышкары, капчыгайдын ичиндеги археол. эстеликтер, жер-суу аттары, тарыхый кол жазмалардагы даректер, фольклордук материалдар далилдеп турат. Байыркы ж-а о. кылымдардагы Кытай (Чжан Цянь, Сюань Цзан), араб-фарс (Тамим ибн-Бахр, Ибн-Хордадбек, Гардизи ж. б.) саякатчыларынын, өзгөчө 14–15-к-дагы тарыхчылардын маалыматтары Б. к-нын мааниси ж-дө белгилүү түшүнүк берет. 1376, 1383–84-ж. Моголстанга каршы жортуулга чыккан Тимурдун аскери Б. к. аркылуу өткөн. Топонимдин өзү да ад-тта 1-жолу ошол мезгилде кезигет. Низам ад-Дин Шами (14-к.; Йсигкул буум), Шараф ад-Дин Езди (15-к. Бугам Асикул) экөө теӊ номенди «Ысык-Көл боому» түрүндө беришет. Орусча а-ттарда ал Бом, Буам формасында да жолугат. Байыркы түрк, азыркы алтай, тува, эвенк, монгол ж. б. тилдерде боом «аскалуу тумшук», тик кыя; зоока; «тар капчыгай» деген маанини берет.
Ш. Токомбаев, С. Өмүрзаков.