БОР (химиялык элемент)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР (лат. Borum), B – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы хим. элемент. Ат. н. 5, ат. м. 10,811. Туруктуу 2 изотобу 10В ж-а 11В бар. 1808-ж. фр. химиктер Л. Ж. Тенар, Л. Ж. Гей-Люссак таза түрүндө бөлүп алышкан. Жер кыртышындагы массасы 3. 10–3%. Табиятта бирикмелер түрүндө гана кездешет. Металл эмес, кара түстөгү кристалл, эрүү t 2075°С. Катуулугу б-ча алмаздан кийинки 2-орунда турган диамагниттүү зат. Темп-ра жогорулаган сайын электр өткөргүчтүгү артат. Бирикмелеринде үч валенттүү. Абада 700°Сге чейин ысытканда В2О3кө айланат, суутек (Н2) м-н реакцияга кирбейт. Жогорку темп-рада галогендер м-н кошулуп, галогениддерди BJ3, азот м-н нитридди, көмүртек м-н карбидди, металлдар м-н бориддерди пайда кылат. Күкүрт ж-а туз к-таларында эрибейт; азот к-тасы м-н «падыша арагында» Б. к-тасына чейин кычкылданат. Жегичтер м-н кошуп ысытканда бораттар алынат. Ал В2О3 ж-а BCl3тү калыбына келтирүүдөн, NaBF4тү электролиздөөдөн алынат. Ядролук техникада цемент, айнек өндүрүшүндө ж-а химия өнөр жайында боёк, кагаз, резина ж.б. өндүрүүдө колдонулат. Түстүү куймаларды, болотту алууда, алардын сапатын жакшыртуу максатында аз санда Б. кошулат. Темп-ра 600°Сге чейин көтөрүлгөндө, анын ток өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 эсе жогорулайт, ошондуктан жарым өткөргүч катары пайдаланылат.