БОРБОРДУК КҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК КҮЧ – ар кандай абалдагы нерсенин аракеттенүү сызыгы күчтүн борборундагы чекит аркылуу өтүп, нерсеге аракет кылган күч. Ага планетанын борборуна багытталган оордук күчү, электр-статикалык тартуу же түртүү күчү ж. б. кирет. Б. к-түн аракетиндеги эркин нерсенин масса борбору тегиз ийри сызык б-ча кыймылдайт, ал эми масса борбору м-н күчтүн борборун туташтырган кесинди убакыттын бирдей аралыгында бирдей аянтты сызат. Б. к-түн кыймыл теориясы асман механикасында, космоско учуучу аппараттардын, жасалма жандоочулардын ж. б. кыймылын эсептөөдө кеӊири колдонулат.