АРСЫГУЛОВ Жекшеналы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya (Mariya moved page АРСЫГУЛОВ to АРСЫГУЛОВ Жекшеналы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСЫГУЛОВ Жекшеналы (1928-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Төш-Булак айылы) – артист, КРдин эл артисти (1986). Эмгек жолун 1942-ж. Сокулук р-ндагы «Төш булак» чарбасында колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1945-жылдан Кыргыз драма театрында артист. Жалпысынан 100дөн ашуун роль ойногон, алардын көрүнүктүүлөрү: Олег Кошевой (А. Фадеев, «Жаш Гвардия»), Эрмек (А. Куттубаев, К. Маликов, «Биз баягы эмеспиз»), Өмүркул (М. Toкобаев, «Кайгылуу Какей»),


Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Жапалак (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов»), Маке чал (Б. Жакиев, «Алтын аяк»), Малабай (Т. Абдумомунов, «Жыгылган

А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» спектаклинен көрүнүш. Шмага – Ж. Арсыгулов, Незнамов – С. Далбаев.

оогонго күлөт»), Эдгар (У. Шекспир, «Король Лир»), Плюшкин (Н. Гоголь, «Өлүү жандар»), Нурмат (А. Осмонов, «Maxaбат»). Бир нече медалдар м-н сыйланган.