БОР–ВАН ЛЁВЕН ТЕОРЕМАСЫ
БОР–ВАН ЛЁВЕН ТЕОРЕМАСЫ – классикалык статистикалык физиканын туруктуу сырткы магнит талаасындагы электрондор системасынын магниттелиши статистикалык теӊ салмактуулук шартта нөлгө барабар экендигин аныктаган теорема. Бул теореманы 1911-ж. Н. Бор далилдеген, 1919-ж. голл. физик И. ван Лёвен жалпылаган. Теорема заряддалган бөлүкчөлөрдүн классикалык статистикалык механикасы ферромагнетизмди, парамагнетизмди ж-а диамагнетизмди түшүндүрө албайт. Заттардын магнетизми аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кванттык касиеттери м-н шартталган.