БОРДУ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
БОРДУ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Чүй обл-ндагы Орловка ш-нан 2 км түш.-батышта жайгаштырылган. Орловка мамл. акционердик коомуна (1954–66-ж. Борду коргошун ф-касы) караштуу. 1954-ж. ишке киргизилген. Долбоордук көлөмү 3200 миӊ м3, толтурулганы 3500 миӊ м3. Консервацияланган. Радиоактивдүү эмес. Мында Борду коргошун ф-касынан (курамында сейрек кездешүүчү металлдар 0,8–1%, торий 0,3%, цирконий 5%, фторий, 40–60%, темир кычкылы 10–20%, кремнезём, 15–20%) ж-а Орловка хим.-металлургиялык тоо-кен комбинатынан иштетилип чыккан калдыктар сакталат. Азыркы экол. абалы канааттандырарлык.
Б. Үсөнканов.