ВАКУУМ СПЕКТРОСКОПИЯСЫ –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́КУУМ СПЕКТРОСКОПИЯСЫ – оптикалык спектроскопиянын вакуумдук кыска толкундуу ультракызгылткөк (толкун уз. 200–10 нм) ж-а жумшак рентген (10дон 0,4–0,6 нмге чейинки) нурларынын аймагында (тилкеси) спектрлерди алуучу, изилдөөчү ж-а колдонуучу тармагы. Спектрдин вакуумдук аймагында аба толкунду көбүрөөк жуткандыктан, спектрлерди изилдөө үчүн вакуумдук спектр приборлору колдонулат. Ал приборлордун оптикалык бөлүгү м-н кабыл алгычы вакуумдук (10–5 сым. мам. Ммге чейин) же инерттүү газ толтурулган камерага жайгаштырылат. В. с. ыкмасы жогорку темп-ралуу призмадагы процесстерди, жылдыз ж. б. космос объектилеринин спектрлерин изилдейт.