БОРОЛДОЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРОЛДОЙ [монголчо боролж (боролжин) – ак тал же бөрү тал; дай – көптүк мүчө; ак талдуу же бөрү талдуу маанисинде] – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Боролдой айыл округуна караштуу. Бишкек – Ак-Түз автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 1500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин ш-нан 18 км түн.-чыгыш тарапта. 1921-ж. отурукташкан. Калкы 2339 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто ж-а негизги мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, оорукана, дарыкана, китепкана, мад-т үйү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.