БОРООН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРООН , б о р о о н - ч а п к ы н – кар аралаш соккон муздак, катуу шамал. Бул түшүнүк ил. жактан эчак калыптанып, интернационалдык терминге айланган. Ил. эмгектерде, казак, түркмөнчө – боран, якутча – бурхан, татар, башкырт тилдеринде – буран деп аталат. Орус тилине түрк тилинен кирген, анда бороон – «буран», «пурга», «снежная вьюга» деп аталат. «Бороон» термининин уӊгусу орус тили аркылуу поляк, чех, словак тилдерине – «буран», румын тилинде – «бурана» айтылышына өткөн. Азыркы халка-монгол тилинде «бороо(н)» – «жамгыр» деген маанини билдирет. Кыргыздар карсыз Б-ду – кара бороон же кызыл бороон, кар аралаш Б-ду – ак бороон, бороон-чапкын деп да аташат. Б. болгон учурда шамалдын ылдамдыгы Бофорт шкаласы б-ча 7–9 баллга жетет. Б. циклондорго байланыштуу пайда болот. Кээде заматта пайда болуп, бат токтосо, айрым мезгилде бир нече күнгө созулат. Топоним катары Кырг-ндын аймагында кеӊири таралган: Боронду аталган Ой-Кайыӊ кырка тоосунда 2 ашуу, Жумгал, Көкөмерен, Ой-Кайыӊ сууларынын алабына кирген суулар бар.