БОРУКЕ МӨӉГҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРУКЕ МӨӉГҮЛӨРҮ – Борб. Теӊир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги эки мөӊгү (Чыгыш ж-а Батыш). Тескей Ала-Тоонун түн. капталынан агып түшкөн Үч-Көл суусунунун алабында жайгашкан. Бул мөӊгүлөр к-дын башында аянты 22,9 км2 келген бир мөӊгү болгон, эрип чегинүүдөн экиге бөлүнгөн. Ч ы г ы ш Б о р у к е мөӊгүсүнүн уз. 7,5 км, аянты 11,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5040 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат, кар чегинин бийикт. 4325 м. Б ат ы ш Б о р у к е мөӊгүсүнүн уз. 6 км, аянты 10,4 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4940 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Б. м-нүн куралуу облусу бөлөк болгону м-н этеги барып биригет. Абляция облусунун жалпы аянты 9,0 км2, муздун көлөмү 1,86 км3. Мөӊгүдөн Үч-Көлдүн курамы Боруке суусу башталат.