БОТТИЧЕЛЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТТИЧЕ́ЛЛИ Сандро (чын аты-жөнү – Алессандро ди Мариано Филипепи) (1445-ж. ч., Флоренция – 17. 5. 1510, ошол эле жер) – итал. сүрөтчү. Алгачкы Кайра жаралуу доорунун өкүлү, Флоренция мектебинин ири живописчилеринен. Б-нин алгачкы чыгармасы – «Сыйкырчылардын сыйынышы» (1475–78, Флоренция, Уффици гал.). Айрым чыгармаларында («Күч», 1470, Флоренциядагы Уффици гал.; «Ыйык Себастьян», 1474, Берлин-Далемдеги сүрөт гал.) сүрөтчүлөр А. Верроккью м-н А. Поллайолонун таасири ачык байкалат. Диний ж-а мифол. темадагы чыгармалары («Жаз», 1477-78; «Венеранын төрөлүшү», 1484-ж. ч. – 85) жандуу поэзиясы ж-а кылдат колорити м-н айырмаланат. Портретчи катары Б. – курч мүнөз түзүүнүн, адамдын ички сезимдерин айкын ачуунун чебери болгон. 15-к-дагы Италия иск-восунун эӊ сонун салттарына каныккан Б-нин чыг-лыгы ошол мезгилдеги Флоренциянын рухий турмушундагы карама-каршылыкты тереӊ чагылдырган.

С. Боттичелли. «Венеранын төрөлүшү».

Ад.: Гращенков В. Сандро Боттичелли. М., 1960.