БӨЗ
БӨЗ – кебезден одуракай токулган кездеме. Ал кустардык жол м-н жиби ийикте ийрилип, колдо токулуп, О. Азия чөлкөмүндө кеӊири тараган. Б-дөн жумушка кийилүүчү атайын кийим, шейшеп ж-а ич кийим тигилген. Б. бүгүнкү күндө текстиль ф-касында токулган пахта кездемелеринен төмөнкү сорту ж-а наркынын арзандыгы м-н айырмаланып, чарбалык максаттарга пайдаланылат.