БӨЛҮШТҮРГҮЧ БӨРК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛҮШТҮРГҮЧ БӨРК – станокто иштетилүүчү тетикти мезгил-мезгили м-н айлана б-ча буруп туруучу жасалга. Көбүнчө фрезалык станокто пайдаланылат. Анын мех. (жөнөкөй, универсал) ж-а оптикалык түрлөрү бар. Универсал Б. б. көп таралган. Оптикалык Б. б. өтө так иштетүү үчүн, ал эми универсал Б. б. мех. иштетүү өндүрүшүндө бөлүү же бурама кобул жасоо үчүн колдонулат. Бөлүүнүн жөнөкөй ж-а дифференциалдык ыкмалары бар. Анын жардамы м-н өндүрүштө ар кандай тетиктердин [тиштүү дөӊгөлөк, жылгатиштүү (шлицтүү) вал, бургу, фреза ж. б.] түз, бурама оюктары жасалат. Тетикти айландыруучу Б. б-түн ийиги (шпиндели) туткасынан кол м-н буралат.