БӨЛҮШТҮРГҮЧ ТҮЗҮЛМӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛҮШТҮРГҮЧ ТҮЗҮЛМӨ э л е к т р д и к – электр тизмектерин биринин артынан бирин убакытка карата бириктирип же ажыратып туруучу коммутациялык түзүлүш. Б. т. Синхрондуу (тизмектерди белгилүү мезгилде үзгүлтүксүз ажыратып-кошуп туруучу), старт-стоптук (старт сигналында кошот, стоп сигналы келгенде ажыратат) ж-а кадамдык (башкаруучу импульс келгенде гана бир абалдан экинчи абалга өтүүчү) болуп бөлүнөт. Иш аткаруучу органдары б-ча Б. т-нүн щёткалуу, муштумча механизмдүү ж-а релелүү түрлөрү болот. Анын констр-сы электрмех. же электр вакуумдуу прибордон же бир системага бириктирилген электр-мех., электрондук элементтерден куралат. Ал автоматика, телемеханика ж-а байланыштын текшерилүүчү объектилерин тандоочу, убакыт б-ча бөлүштүрүлгөн сигналдарды мейкиндикте бөлүштүрүлгөн сигналдарга өзгөртүүчү, импульстардын санын эсептөөчү түзүлмөлөрдө кеӊири колдонулат.