БРАСС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАСС (фр. brasse, bras – кол) – колду суудан чыгарбай бир мезгилде горизонталь шилеп көкүрөк м-н сууда сүзүү ыгы. 1903-жылдан Олимпиялык оюндардын программасына киргизилген. Б-та сүзүүчү эки колун алдыга жиберип, алакандарын сууга каратып, чыканагын бир аз бүгүп, бети сууга киргенде колдорун кошот. Ошол мезгилде сыртка кайырган буттарын өзүнө тартып, шыйрак ж-а таманы м-н сууну таяныч кылып алдыга жылат. Б-та кийим м-н сүзүп, чөккөн адамды куткарууга ылайыктуу.