БРЕЖНЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕ́ЖНЕВ Леонид Ильич (19. 12. 1906, Украина, Каменское (азыркы Днепропетровск ш. – 10. 11. 1982, Москва) – саясий ж-а мамл. ишмер; КПСС БКнын биринчи (1964–66) ж-а генералдык (1966-жылдан) секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели (1960–64, 1977-жылдан), Сов. Союз. Маршалы (1976), Соц. Эмг. Баатыры (1961), Сов. Союз. Баатыры (1966, 1976, 1978, 1981). Курскидеги жер-жайгаштыруу-мелиорация техникумун (1927), Днепродзержинск металлургия ин-тун (1935) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941–45) аскердик-саясий иштерди аткарган, о. эле Чехословакия, Польша, Венгрияны бошотууга катышкан. 1946-жылдан Украина КП(б)нин Запорожье, Днепропетровск обкомдорунун 1-секретары, 1950–52-ж. Молдавия КП(б) БКнын 1-секретары, 1953-жылдан Сов. Армиянын ж-а Аскер-деӊиз флотунун башкы саясий башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1954–56-ж. Казакстан КП БКнын 2-, 1-секретары. 1952–53-ж., 1956–60-ж., 1963–64-ж. КПСС БКнын секретары, СССР Коргоо Советинин председатели, 1957-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. Ал 1964-ж. Н. С. Хрущевду бийликтен четтетүүнү уюштургандардын бири болгон. Б. өлкөнү башкарып турган мезгилде экономикада, коомдун социалдык, ал тургай рухий чөйрөсүндө бир катар ийгиликтер болгон. АКШ, ГФР ж. б. ири өлкөлөр м-н келишимдер түзүлүп, эл аралык абал жеӊилдеген, о. эле Европада коопсуздук ж-а кызматташтыкка карата бир катар иш-чаралар иштелип чыккан.