БРЕМЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕ́МЕН – Германиядагы шаар. Бремен жеринин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 552,0 миӊ (2015). Везер д-нын төмөнкү агымындагы деӊиз порту (жылына 20 млн тга жакын жүк ташылат). Машина куруу (а. и. кеме ж-а авиакуруу), тамак-аш, металлургия, хим., жыгаччылык өнөр жайы, ун-т, музей бар. 8-к-дын аягынан белгилүү. Кылымдын орто ченинде Ганза өлкөсүнүн негизги шаарларынын бири болгон. 1646-жылдан эркин империя шаары, 1815–1933-ж. эркин шаар. Роман-готика стилиндеги сепилдер (11–16-к.) сакталган.