БРЕТАНЬ
БРЕТА́НЬ – Франциянын батышындагы жарым арал, Бискайя булуӊу, Ла-Манш кысыгы, Атлантика океаны м-н чулганат. Уз. 200 кмден ашык. Жээги аскалуу, батышы риас тибинде. Көп бөлүгүн Арморикан дөӊсөөсү (бийикт. 391 мге чейин) ээлейт. Вереск бадалдары, кызыл карагай токою бар. Бокаж мүнөздүү. Порттору: Брест, Нант.