БРИАНШОН ТЕОРЕМАСЫ
БРИАНШО́Н ТЕОРЕМАСЫ – проекциялык геометрия теоремасы; ал 2-тартиптеги ийри сызыктын сыртына сызылган ар кандай 6 бурчтуктун карама-каршы чокуларын туташтыруучу түз сызыктар бир чекитте (Брианшон чекитинде) кесилишерин аныктайт. Теореманы 1806-ж. фр. математик Ш. Ж. Брианшон (1785–1864) далилдеген (аты ошондон). Б. т. м-н Паскаль теоремасы (проекция геометриясындагы) кош принципти колдонуу аркылуу бири экинчисинен алынат. Б. т. бир жактуу сызгычты гана пайдаланып, проекциялык ж-а элементардык геометриянын констр-лык (түзүүгө берилген) маселелерин чыгарууга мүмкүндүк берет.