БРИМКУЛОВ Нурлан Нургазиевич
БРИМКУЛОВ Нурлан Нургазиевич (1953-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул ш.) – терапевт, медицина илимд. доктору (1991), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1996). КММИни (1976), аспирантурасын (1981) бүтүргөн. Кырг-н кардиология ИИИде ил. кызматкер, Улуттук кардиология ж-а терапия борборунда бөлүм башчы, башкы врач болуп иштеген. 2000-ж-дан КММАда кафедра башчысы. Ички оорулар ж-а бийик тоо медицинасы б-ча адис. 300дөн ашуун ил. эмгектин, а. и. 2 монографиянын, 3 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Бронхиальная астма у детей (в соавторстве). Б., 2000.