ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (тил илиминде)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. valentia – күч) т и л и л и м и н д е – сөздүн башка сөздөр м-н синтаксистик байланыш түзүү жөндөмдүүлүгү. В. түшүнүгү лингвистикага биринчи ирет С. Д. Кацнельсон тарабынан киргизилген (1948). Батыш Европа тил илиминде бул термин алгач Л. Теньер тарабынан этиштин айкашуучулук жөндөмүн белгилөө үчүн гана пайдаланылган. В-тү этиш сөз кабыл ала турган актанттардын саны катары караган. Ошого жараша этиштерди бир валенттүү (мис., Ал берди.), эки валенттүү (мис., Ал китеп берди.), үч валенттүү (мис., Ал китепти мага берди.) деп бөлгөн. Тил илиминде негизинен В. кеӊири жагдайда сөздөрдүн ж. б. бирдиктердин айкашуу жөндөмдүүлүгү катары каралып келген. Ар бир тилдин өзгөчөлүгүнө ылайык сөз түркүмдөрүнүн В-ү ж-а сөздүн семантикасы м-н байланышкан лексикалык В. деп айырмаланат.