БРОВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРО́ВКА Петрусь (Пётр Устинович) [12 (25). 6. 1905, Минск обл., Путилковичи кыш. – 24. 3. 1980, Минск] – белорусь акыны, БССР эл акыны (1962), БССР ИАнын академиги (1966), БелСЭнин Башкы редактору (1967–80), Соц. Эмг. Баатыры (1972). Чыг-лык иши 1926-жылдан башталган. «Каармандын келиши» (1935), «Мекен жазы» (1937) ж. б. жыйнактары, «Беларусь», «Смолячкова жөнүндө поэма» (1943) поэмаларын жазган. Ага «Дан» (1946), «Москва жөнүндө ой терметүү», «Туулган үйдө» (1946) ж-а «Турмуш жолдору» (1950) ж. б. жыйнактары үчүн СССР мамл. сыйл. (1947, 1951), «Күндөр өтүп жатат» ырлар жыйнагы үчүн Лениндик сыйл. ыйгарылган (1962). «Дарыялар кошулган кезде» романынын автору. Үч

Ленин, Кызыл Жылдыз, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.