БРОНХ АСТМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНХ АСТМАСЫ – бронхтордун кысылуусунан, былжыр челинин шишүүсүнөн ж-а какырык м-н бүтөлүп калышынан мезгили м-н капысынан дем кысылып кармоочу аллергиялык оору (к. Аллергия). Аны м-н кээ бир хим. ж-а физ. факторлорду–аллергендерди сезгич кишилер ооруйт. Б. а. инфекциялуу ж-а инфекциясыз аллергиялык болуп бөлүнөт. Инфекциялуу аллергиялык түрүн бактериялар, вирустар ж. б. микробдор пайда кылат. Инфекциясыз астма ар кандай аллергенден болот. Алар тамак-аш аллергендери (балык, жумуртка, шоколад, бал, сүт ж. б.), чаӊ аллергендери (ар кандай чөптүн гүл чаӊчалары), үй буюм аллергендери (үй буюмдарынын чаӊы, малдын, куштун жүнү), турмуш-тиричилик, химия ж-а дары-дармек аллергендери (антибиотиктер, кан, плазма, вакциналар) ж. б. Б. а-нын пайда болушуна климат факторлору да таасир берет; оору жаз ж-а күз мезгилинде, шамал болгондо, аба темп-расы кескин өзгөргөндө күчөйт. Анын негизги белгиси – дем кыстыгуу. Дем чыгаруу өтө кыйындагандыктан бара-бара көкүрөк көӊдөйүнө аба толуп, моюн кан тамырлары көөп, оорулуунун эрини, бети көгөрө баштайт. Аягында дем чыгаруу жеӊилдеп, жөтөл басаӊдайт. Дарылоодо ж-а алдын алууда врачтын көрсөтмөсү м-н бронхтордун кысылуусун жоготуучу таблетка, аэрозоль, инъекция түрүндөгү дары заттар колдонулат. Кырг-ндагы «Чоӊ-Туз» шахтасында ж-а Ысык-Көлдүн жээгинде болуу бир топ жакшы жардам берип, Б. а-н алдын алууга мүмкүндүк берет.