БООР (тамак сиӊирүүчү орган)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БООР – тамак сиӊирүүчү орган (без). Омурткасыз жаныбарларда азык эритүүгө ж-а сиӊирүүгө катышып, организмге керек заттарды топтойт. Хордалуу жаныбарлар м-н адамда зат алмашуу процессин жөнгө салат ж-а тамак сиӊирүүчү маӊыздын бири – өт бөлүп чыгарат. Б. – адамдагы эӊ чоӊ без. Салм. 1,5 кгдай, өтө татаал түзүлүштүү орган. Ал зат алмашуу процессине, денедеги уу заттарды зыянсыздандырууга катышат; Б-до кан белоктору, альбуминдер, глобулиндер, канды уютуучу көпчүлүк заттар синтезделет. О. эле май сиӊирүүгө жардам берүүчү өт бөлүнүп чыгат. Ал ич көӊдөйүнүн жогорку бөлүгүндө, оӊ сүбөнүн астында жайгашат, үстүӊкү ж-а астыӊкы бети, алдыӊкы ж-а арткы бети болот. Үстүӊкү бети томпок болуп, боор этке, астыӊкы жагы башка ички органдарга жанаша жатат. Б. оӊ (чоӊ) ж-а сол (кичине) бөлүктөн турат. Астыӊкы бетинде Б-го кан тамырлар, нервдер кирүүчү, лимфа тамырлары м-н өт түтүктөрү чыгуучу Б. дарбазасы, о. эле өт баштыкчасы жайгашат. Морфол. түзүлүшү майда бөлүкчөлөрдөн турат. Бөлүкчөлөр өз кезегинде Б. клеткаларынан, артерия, вена кан тамырларынын майда капиллярларынан, о. эле өт агызуучу түтүкчөлөрдөн турат. Бөлүкчөлөрдүн дал ортосунда борб. вена жайгашкан. Б. клеткаларынын арасында өт капиллярлары кандагы заттарды сиӊирүүгө, бактерияларды, эритроцит калдыктарын, май тамчыларын тосуп алууга ж-а эритүүгө жөндөмдүү. Өт бөлүп чыгаруучу Б. клеткаларынын арасында өт капиллярлары жайгашкан. Б. бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы туташтырма тканынан артерия, вена, өт түтүгү, нервдер ж-а лимфа тамырлары өтөт. Б. артериясы аркылуу Б-го артерия каны кирет, ал эми дарбаза венасы аркылуу вена каны агып чыгат. Кан жүрүүчү тамырлар аркылуу Б-дун бөлүкчөлөрүнөн өтүп, борб. венага чогулат, андан ары төмөнкү көӊдөй вена – Б. венасына куюлат.

Боордун түзүлүш схемасы: 1– өт баштыгы; 2 – байламта;
3 – өт баштыгынын өткөөлү; 4 – боор өткөөлү; 5 – боор артериясы;
6 – боордун дарбаза венасы; 7– боордун оӊ бөлүгү; 8 – төмөнкү көӊдөй вена;
9 – өт агуучу түтүк; 10 – боордун сол бөлүгү.