БИОНИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́НИКА (гр. bion – жашоо элементи) – кибернетиканын бир бөлүмү. Жаӊы приборлорду, механизмдерди, системаларды түзүү үчүн тирүү организмдердин түзүлүш өзгөчөлүктөрү м-н тиричилик аракетин изилдейт. Б. биология, физика, химия, электроника, навигация ж. б. илимдер м-н тыгыз байланышта. Б. б-ча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары төмөнкү проблемаларды камтыйт: эсептөө техникасын жакшыртуу ж-а автоматика м-н телемеханиканын жаӊы элементтерин, түзүлүштөрүн иштеп чыгуу ж-а өркүндөтүү максатында адам ж-а жаныбардын нерв системасын изилдөө, нерв клеткаларын (нейрондорду) ж-а нейрон торчолорун моделдөө; жаӊы билдиргичтерди ж-а байкоо системаларын иштеп чыгуу максатында жандуу организмдердин сезүү органдарын ж. б. кабыл алуучу системаларын изилдөө; техникада колдонуу үчүн ар түрдүү жаныбарлардын багыт табуу, локация ж-а навигация принциптерин анализдөө; тех. ж-а ил. жаӊы идеяларды табуу максатында жандуу организмдердин морфол., физиол., биохим. өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Нерв системасынын иштөө ж-а жандуу организмдердеги башкаруу процесстеринин өзгөчөлүктөрү нерв клеткаларынын структуралык өзгөчөлүктөрү м-н аныкталат. Ушунун негизинде Б-нын өнүгүшү нейрондордун тех. моделдерин түзүүдөн башталып, радиоэлектрондук элементтерден «нерв тармактары» пайда болгон. Эсти ж-а нерв системасынын башка касиеттерин изилдөө татаал өндүрүштүк процесстерди ж-а башкарууну автоматташтыруучу, «ойлонуучу» киберн. машиналарды түзүүгө алып келди. Организмдердин информ. системаларын: көпөлөктүн «антеннасын», балык ж-а сүт эмүүчүлөрдүн ультра үн байланышын, суу жаныбарларынын багыт табышын, аарынын «тилин», жарганаттардын ультраүн локациясын ж. б. изилдөө Б-да чоӊ орунду ээлейт. Табияттагы тыгыз, ийилчээк динамикалык күчкө туруктуу, тик өсүүчү констр. формаларды (өсүмдүк сабагы, дарак сөӊгөгү) изилдөө м-н бийик ж-а өтө бийик имараттардын долбоору иштелип, чыгарылууда (Москвадагы Останкино телемунарасы ж. б.).
Ад.: Крайзмер Л. П., Сочиво В. П. Бионика. 2 изд., М., 1968; Нейрокомпьютеры – архитектура и реализация. М., 2000.