БИРДИК (математикада)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК м а т е м а т и к а д а – натуралдык сандардын эӊ кичинеси, п = 1. Кайсы гана сан болбосун аны 1ге көбөйтсө, ошол эле сан алынат. Негизги чоӊдуктар үчүн Б. бири бирине көз карандысыз алынат да, алар жогорку тактыкта ишке ашырылат. Калган чоӊдуктагы Б. негизги Б-терге көз каранды болуп, туунду Б. деп аталат ж-а чен бирдиктер формуласы түрүндө туюнтулат. Негизги ж-а туунду бирдиктер бирдиктер системасын түзөт. Алар физ. чоӊдуктарды өлчөөдө тандалып алынат.