БИР ЖЫЛДЫК ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР ЖЫЛДЫК ӨСҮМДҮКТӨР – бир жыл ичинде же вегетация мезгилинде тиричилик циклин бүтүрүүчү чөп өсүмдүктөрү. Ысык ж-а кургакчыл райондордо кеӊири таралган. Арктика ж-а бийик тоодо алар өөрчүү циклин бүтүрүүгө үлгүрбөйт. Ошондуктан аталган аймакта бир жылдык өсүмдүктөр жок болуп, көп жылдык өсүмдүктөргө айланган. Тез өсүүчү Б. ж. ө-гө эфемерлер кирет. Вегетация мезгили узак өсүмдүктөргө көпчүлүк дан өсүмдүктөрү, субтропик ж-а тропик аймактардан алынып келген маданий ж-а кооздук өсүмдүктөр ж-а айдалма өсүмдүктөрдүн отоо чөптөрү кирет. Алар жаздык ж-а күздүк болуп бөлүнөт. Жаздык өсүмдүктөр жазында уруктан өнүп, кыска мөөнөттө урук берет. Күздүгү күзүндө эгилип (күздүк дан өсүмдүктөрү), өнүп, кыштап, кийинки жайда гана өөрчүү цикли бүтөт. Күздүк өсүмдүк жазында эгилсе, кадимкидей өнүп өсөт, жалбырак алат, бирок урук байлабайт.