БИШКЕК ТЕМИР ЖОЛ ВОКЗАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ТЕМИР ЖОЛ ВОКЗАЛЫ – «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясына (2005-жылдан) караштуу 1938-жылдан Бишкек-2 темир жол бекетинде Темир жол жүргүнчүлөрүн тейлөөчү имарат иштейт. Арх. Е. Лисмардын долбоору б-ча курулган. Интерьерин жасалгалоого сүрөтчүлөр А. И. Игнатьев м-н Л. Месарош катышкан. Вокзалда билет кассалары, маалымат бюросу, автоматтык маалымат курулмасы, жүк сактоочу автоматтык камера, VIP – зал, эне ж-а бала бөлмөсү, бажы бөлмөсү, көмөкчү жайлар ж. б. бар. Мындан поезддер Москва, Новокузнецк ж-а Екатеринбург сыяктуу Россиянын эӊ ири шаарларына, Казакстандын Мерке, о. эле жерг. шаарлар – Токмокко ж-а жайында Балыкчыга каттайт.