БЛИНДАЖ
БЛИНДА́Ж (фр. blindage; blinder – калкалап жабуу дегенден) – өздүк курамды пулемёттун, артиллериянын, миномёттун огунан ж-а массалык кыргын салуучу куралдан коргоочу жай (жертөлө). Б. темир-бетон, жыгач, таш, топурак, о. эле өнөр жай конструкцияларынан курулат. Биринчи (1914–18) ж-а (1939–45) экинчи дүйнөлүк согуштарда Б-дар көп курулган.