БОГЕМИЯ АЙНЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГЕ́МИЯ АЙНЕГИ, ч е х а й н е г и – Чехияда (Богемияда) өнүккөн көркөм промысел; ошол промыселдин буюмдары. 14–15-к-дан белгилүү. Аны жасоо 16-к-дын аягынан император Рудольф IIнин тушунда айнекке кесип сүрөт түшүрүү техникасы иштелип чыккандан баштап жакшы өөрчүгөн. Б. а. 17-к-дын экинчи жарымында барокко мезгилинен кеӊири белгилүү, ал учурда кыр чыгарылган чех хрусталы жасала баштаган. Азыркы Б. а-не салт болуп калган кыр чыгаруу ыкмалары м-н катар, түс, тунуктук ж-а фактуралык натыйжа бере турган башка пластикалык айкын формалар мүнөздүү.