БОЗ КАРАГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ КАРАГАН, и т с и й г е к (Atraphaxis) – өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы уруусу; бадал ж-а бадалча. Бийикт. 10 смден 1 мге чейин. Өркүндөрү тикендүү же тикенсиз. Жалбырагы калыӊ, катуу, бозомук, ар түрдүү формада, жумуртка же бөйрөк сымал, тарамыштанган же тарамыштары билинер билинбес, чети бүтүн, кыска саптуу. Гүлү эки жыныстуу, агыш же кызыл түстүү. Уругу – жаӊгакча. Борб. Азияда, Жер ортолук деӊиз жээгинде таралган. Кырг-нда 7 түрү кургак, шагыл таштуу капчыгайда, агын суунун кумдуу жээгинде өсөт. Батыш Европада Мушкетов Б. к-ны эзелтен бери кооз бадал катары өстүрүлөт. Кээ бир түрлөрү малга тоют.