БОЛИВИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛИВИЯЛЫКТАР (өздөрүн б о л и в и а н о с деп аташат) – Боливия Респ-нын негизги калкы. Аргентина ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 41,51 млн (2019) киши, а. и. Боливияда 3 млн, Аргентинада 150 миӊ. Испан тилинде сүйлөшөт. Дини – католик, о. эле протестанттар да бар. Б-дин этностук негизин испан – индей метистери (чоло) м-н бара-бара ассимиляцияланып бара жаткан индейлер (каничана, каювава ж. б.) түзөт. 1952-жылдагы рев-я (агрардык реформа, кен чыга турган жерди улутташтыруу, индейлерге теӊ укуктарды берүү ж. б.) Б-дин улуттук консолидацияланышына түрткү берди. Агрардык реформадан кийин община, а. ч. кооперативдери, өнөр жайлардын өнүгүшү активдештирилди. Б. дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесип кылышат. Чолонун көбү соодагер, майда кызматчы ж-а адис жумушчулар. Тамак-ашы негизинен кофе, пуна (картошка, буудай, жүгөрү) ж-а эт азыктары.