БАНДАРАНАИКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНДАРАНА́ИКЕ Сиримаво, Р а т в а т т е Д и а с (17. 4. 1916, Ратнапура – 10. 10. 2000, Коломбо) – Шри-Ланканын (1972-ж. чейин Цейлон) мамл. ж-а саясий ишмери. Күйөөсү С. Бандаранаике өлтүрүлгөндөн кийин (1959) Эркиндик партиясын жетектеп калган. Бир нече жолу өлкөнүн премьер-министри (1960–65; 1970–77; 1994–2000) болгон. Б. мындай жогорку постту ээлеген дүйнөдөгү алгачкы аял болуп саналат. Тышкы саясатта тынчтыкта жанаша жашоо ж-а эч кандай саясий блокторго кошулбоо, Инди океан бассейнинде жайгашкан согуштук базаларды жоюу саясатын жүргүзгөн. Ички саясатта улуттук экономиканын мамл. секторун өнүктүрүү, нефть өндүрүүчү чет элдик компанияларды ж-а жеке менчик плантацияларды улутташтырууну, буддизмге мамл. дин статусун берүүнү колдогон. Анын тушунда Шри-Ланка Шериктештиктин курамындагы доминиондон демокр. соц. буддалык респ-га айланган. 1977-ж. шайлоодо анын партиясы жеӊилип, 1980-ж. Б. парламенттен чыгарылып, жарандык укуктарынан ажыратылган. 1980-ж-дын аягында кайрадан саясий ишмердүүлүгүн улантып, 1994-ж. кызы Ч. Кумаратунгинин президент болуп шайланышы м-н кайрадан премьер-министрликке дайындалып 2000-ж. чейин иштеген.