БАНЖУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНЖУ́Л, Б а н д ж у л – Гамбия Респ-нын борбор шаары. Банжул округунун адм. борбору. Калкы 31,3 миӊ (2013). Сент-Мэри а-нын чыгышындагы порт. Гамбия д-нын чатында жайгашкан. Эл аралык аэропорту бар. Деӊиз кемелерин куруучу, жеӊил, жыгаччылык, эмерек, полигр. өнөр жайлары, май (пальма) з-ду бар. Жержаӊгакты иргеп, белендейт ж-а сыртка чыгарат. Жашылча, балык консервалоо ишканалары иштейт. 1816-ж. англичандар тарабынан Батерст (англ. граф Батерсттин ысмынан) деген ат м-н негизделип, 1973-жылдан азыркы атында аталат. Шаардын борб. бөлүгүндө европалык, чет жакасында африкалык типтердеги курулуштар курулган. Улуттук китепкана (1985), Улуттук музей (1962), Орнитология коому (1974) иштейт.