БАЛЫК (астрономияда)
БАЛЫК а с т р о н о м и я д а жазгы күн-түн теңелүүнүн чекити жайгашкан зодиак топ жылдызы. Бардык жарык жылдыздары жем талашкан эки балыкты элестетет. Анын өтө жарык жылдызы (α-Балык) көгүш, бетинин температурасы 10000° К, көрүнгөн жылдыз чоңдугу т=4,3т ге барабар, температурасы жана түсү негизги жылдызга окшош жандоочусу бар, анын көрүнгөн жылдыз чоңдугу т=5,2т. Бул эки жылдыздын ар бири – жалпы массага ээ кош жылдыз. Бул топ жылдыз КМШнын орто кеңдигинен жайдын аягында, күзүндө жана кыштын башталышында көрүнөт.