БАНТЕНГ
БАНТЕ́НГ (Bos javanicus) – ача туяктуулар тукумундагы жапайы уй. Тулкусунун уз. 2 м, бийикт. 1 м, өӊү күрөӊ, мүйүзү 40–50 см. Жаш Б-дин мүйүзү тайтагай, чоӊунуку ич жагына ийрейип, кайкайыӊкы келет. Анын жапайысы Малакка, Индикытай ж. а-нда ж-а Малайя архипелагында кездешет. Ал түз жерлерде ж-а токойлуу тоолордо (деӊиз деӊг. 2000 м бийиктикке чейинки) жашайт. Саны азаюуда, ТКЭСтин кызыл китебине катталган. Бакмасы бали малы деп аталып, эти үчүн гана багылат.