ВАН –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Байыркы Кытайдагы [Инь (б. з. ч. 16–11-к.) ж-а Чжоу (б. з. ч. 11–3-к.) доорундагы] өлкө башкаруучусун билдирген термин. Б. з. ч. 3-к-дан Кытай башкаруучулары император (ди) титулун алгандан кийин, В. титулу императордун жакынкы чөйрөсүнүн (үй-бүлөсү, туугандары ж. б.) ж-а ак сөөктөрүнүн сарайдагы өзгөчө абалын билдирип туруу үчүн ыйгарыла баштаган. Мындан сырткары байыркы мезгилде ж-а о. кылымдагы Кореядагы мамлекеттер м-н княздыктардын башкаруучулары да В. титулун алып жүрүшкөн.